Нур-Султанда беткап тагуу эрежелери бекитилди

Нур-Султанда беткап тагуу эрежелери бекитилди

Дүйнө жүзү боюнча өлкөлөр коронавирустун жаңы толкунуна туш болууда. Буга байланыштуу борбор калаада эпидемиянын күчөшүнө жол бербөө чаралары көрүлдү. Нур-Султан шаарынын башкы мамлекеттик санитардык дарыгери Сархат Бейсенованын жарлыгына ылайык беткап кийүү эрежелери бекитилди. Тактап айтканда, бардык медициналык мекемелерде коронавирустук инфекцияга окшош белгилери бар же ПЧР тести оң чыккан адамдар беткап тагууга милдеттүү. Ошондой эле медициналык беткаптарды коомдук жайларда, коомдук транспортто колдонуу сунушталат. Мындан тышкары, калк арасында эмдөө жана ревакцинация иштери дагы күчөтүлөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков