COVID-19: дүйнөдө эпидемиялык абал турукташкан жок

COVID-19: дүйнөдө эпидемиялык абал турукташкан жок

Дүйнөдө коронавирус инфекциясынын деңгээли кайрадан өстү. Джонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, илдетке чалдыккандардын саны 507 миллионго жакындады. Кошмо Штаттарда бул илдет дээрлик эки айдын ичинде кескин кыскарганы менен бүгүнкү күндө эпидемия күчөп баратат. Коронавирус өзгөчө Род-Айленд жана Нью-Гэмпшир штаттарында кеңири жайылган. Бул «Омикрон» штаммынын субварианттарынын көбөйүшүнө байланыштуу. Адистердин айтымында, илдетке чалдыккандардын саны алда канча көп. Себеби, көпчүлүк адамдар үйүндө COVID-19 тестин колдонуп, медициналык жардамга кайрылышпайт.

Питер Хотес, Бейлор медициналык колледжинин молекулярдык вирусология кызматкери:

- Америка Кошмо Штаттарынын түндүк-чыгышында коронавирус жуктуруу учурлары кайрадан өстү. Omicron жаңы субварианты, БиЭй2 штамы алда канча жугуштуу. Алдыдагы убакытта илдетти жуктургандардын саны кескин көбөйүшү мүмкүн.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков