Ералы Тогжанов: ДССУда QazVac вакцинасын каттоонун үчүнчү деңгээли быйыл ишке ашат

Ералы Тогжанов: ДССУда QazVac вакцинасын каттоонун үчүнчү деңгээли быйыл ишке ашат

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму QazVac вакцинасын ушул жылдын аягында катташы мүмкүн. Бул тууралуу премьер-министрдин орун басары Ералы Тогжанов «Egemen Qazaqstan» гезитине берген маегинде билдирди. Ал үчүн республиканын санитардык-эпидемиологиялык кызматынын материалдык-техникалык базасы эл аралык стандарттарга жооп бериши керек.

«Өткөн жылы 7 айдын ичинде биз Казакстанды улуттук жөнгө салуучунун экинчи деңгээлине чыгардык. Бул фактыны Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун атайын комиссиясы тастыктап, биздин өлкөнүн эл аралык талаптарга шайкештигин текшерген. Үчүнчү деңгээлге быйылкы жылдын аягына чейин жете алабыз деп ойлойм», - деди Ералы Тогжанов.

Белгилей кетсек, өлкөдө коронавирус инфекциясына каршы эмдөө уланып жатат. Акыркы маалыматтар боюнча, вакцинанын биринчи компонентин 9 миллион 471 миңден ашык адам, экинчи компонентин 9 миллион 200 миңден ашуун адам алган. Ал эми ревакцинация менен камтылгандардын саны 3 миллион 600 миңден ашты.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков