Европа менен АКШда дельтакрон штаммы көбөйүүдө

Европа менен АКШда дельтакрон штаммы көбөйүүдө

Европада жана АКШда коронавирус инфекциясынын жаңы штаммы катталды. Бул жерде омикрон жана дельта штаммдарынын айкалышы байкалган. Вирустун бул версиясы «дельтакрон» деп аталат. «Азырынча бир нече гана учур катталган, бирок жаңы штамм азыртан эле кооптонууну жаратууда», - дешет дарыгерлер. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, дельтакрон омикрон сыяктуу жугуштуу жана дельта штаммы сыяктуу оор өтүшү мүмкүн. Ошентип, пандемиянын кийинки толкунунда коронавирустун аталган түрү үстөмдүк кылышы болжолдонуп жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков