Казакстанда коронавирус илдетинин жаңы штамы катталган жок

Өлкөнүн башкы дарыгери казакстандыктарды конокко барбоого жана конокторду дагы чакырбоого чакырды. Бул акыркы бир айда өлкөдө коронавирустук инфекциялар боюнча эпидемиялык абал начарлап кеткендигине байланыштуу. Казакстан жашыл зонадан сары аймакка өттү. Ерлан Кыясов ошондой эле Борбордук байланыш кызматында өткөн брифингде коронавирус эпидемиясынын жаңы түрүнө токтолду. Анын айтымында, изилдөөлөрдүн жыйынтыгы эпидемиянын жаңы түрү жаштар арасында тездик менен жайылып баратканын көрсөттү.

ЕРЛАН КИЯСОВ, РКНЫН БАШКЫ МАМЛЕКЕТТИК САНИТАРДЫК ДАРЫГЕРИ:

 - Жалпы мутациялар вирустардын эволюциясынын табигый бөлүгү болуп санала турганын айткым келет. Тогуздун айында Коронавирустун жаңы түрүнүн биринчи учуру Англиянын түштүк-чыгышында вирустук геномдук ырааттуулук менен аныкталды. Ал генетикалык линиялардын өзгөрүшүнөн турат. Бүгүнкү күндө вирустун бул түрү Австралия, Дания, Италия, Исландия, Голландия, Орусия жана башка өлкөлөрдүн жарандарында кездешет. Коронавирустун бул түрү башкаларга караганда жаштар арасында тезирээк жайылат. Бирок вирустун аталган түрүн изилдөө уланууда. Өлкөдө эпидемиянын жаңы түрлөрү табылган жок. Деген менен, оору аба аркылуу жугарын эске алганда, өлкөгө кирүү коркунучу бар.

Белгилей кетсек, Казакстанда эпидемиологиялык кырдаал курчуп бараткандыгына карабастан, башкы санитардык дарыгер алдыдагы убакытта өзгөчө абалдын кайрадан киргизилиши мерчемделбегенин кошумчалады.