Нур-Султанда COVID-19 кайрадан өрчүдү

Нур-Султанда COVID-19 кайрадан өрчүдү

Нур-Султан шаары сутка ичинде коронавирус инфекциясын жуктуруу учуру боюнча анти-рейтингде  кайрадан лидер аталды. Бул жерде өткөн суткада инфекциянын 114 учуру аныкталды. Вирус Алматы шаарында 111 адамдан  тастыкталды. Үчүнчү орунда 75 COVID-19 диагнозу коюлган Костанай облусу турат.

Жалпысынан, республикада 24 сааттын ичинде өлкөдө 766 адамга коронавирус илдети жукканы ПЧР тести аркылуу белгилүү болду. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча бейтаптардын саны 164 миң 500гө жакындады.

Аймактардагы эпидемиологиялык абал төмөнкүдөй:

Алматы шаарында - 19858 (+111),

Нур-Султан шаарында -19449 (+114),

Чыгыш Казакстан облусунда - 19358 (+37),

 Атырау облусунда - 14539 (+73),

Караганды облусунда - 12531 (+39),

 Павлодар облусунда - 10028 (+48),

Батыш Казакстан облусунда - 9712 (+43),

Түндүк Казакстан облусунда - 9291 (+54),

Костанай облусунда - 8305 (+75),

Акмола облусунда - 7958 (+63),

Алматы облусунда - 7792 (+61),

Шымкент шаарында, - 5638 (+11)

Жамбыл облусунда - 5174 (+10),

Мангыстау облусунда - 3825 (+15),

Түркестан аймагында - 3800 (+8),

Актобе облусунда, - 3767 (+1)

Кызылорда облысында - 3452 (+3)

Белгилей кетүүчү нерсе, учурда өлкөнүн эки облусу «кызыл» зонада: алар Акмола жана Костанай облустары. «Сары» аймакта: Нур-Султан, Алматы, Батыш Казакстан, Түндүк Казакстан, Атырау жана Павлодар облустары. Калгандары «жашыл» зонада.