Коронавирустун Омикрон штаммы: ДССУнун сунуштары

Коронавирустун Омикрон штаммы: ДССУнун сунуштары

Коронавирустун жаңы штаммы «Омикрон» мутациянын 30дан ашык түрүнө ээ. ДССУнун маалыматында, COVID-19 жаңы түрү мурунку «Дельта» штаммына караганда алда канча коркунучтуу болушу мүмкүн. Жетинин айынын алгачкы он күнүндө Түштүк Африкада табылган вирус дүйнөнүн 23 өлкөсүндө катталды.

Виталий Стецик, ДССУнун Казакстандагы кеңешинин техникалык офицери:

- Башка версияларда кээ бир мутацияларды көрдүк. Мисалы, кээ бир вирустар таралуу ылдамдыгынын жогорулашына жооп берет, башкача айтканда, мындай түрү адамдарга оңой жана тез жугушу мүмкүн. Ал адамдан адамга жугат. Бирок бул тыянак азыркы учурда дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде Түштүк Африкада жүргүзүлүп жаткан эпидемиологиялык изилдөөлөр аркылуу ырастоону талап кылат.

Кооптуу илдеттин алдын алуу үчүн Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун адистери 60 жаштан ашкан адамдарга, ошондой эле, кант диабети жана онкология сыяктуу ооруларга чалдыккандарга алыскы сапарлардан алыс болууну сунуштайт. Ал эми калкты массалык эмдөөнүн темпин тездетүүгө чакырат.

Виталий Стецик, ДССУнун Казакстандагы кеңешинин техникалык офицери:

- Биринчиден, биз коронавирустун башка версияларын, анын ичинде дельта түрүнө каршы киргизилген сунуштарды мындан ары да жакшыртуубуз керек. Бул үчүн биринчи кезекте Covid-19 вирусунун оор агымын өнүктүрүү коркунучу бар адамдарды массалык эмдөөнү колго алуу кажет. Анткени эмдөө коом үчүн өтө маанилүү өнөктүк. Айрыкча 60 жаштан ашкан адамдар вакцина алышы зарыл. Вакцина кооптуу илдеттин оор өтүүсүн жана курмандыктардын санын азайтуунун эң эффективдүү куралы экенин эскертип кетким келет.

Серепчилердин айтымында, азыр дүйнө адистери «Омикрон» штаммынын изилдөөсүнө басым жасап жатышат. Бирок жаңы вирустун түрүнүн оордугу тууралуу толук маалымат жок. Саламаттык сактоо адистери беткап тагынуу, колду жуу, бөлмөлөрдү желдетүү жана аралыкты сактоо сыяктуу жөнөкөй сактык чараларын карманууга кеңеш беришет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков