Казакстанда омикрон штаммына байланыштуу жаңы чектөөлөр киргизилди

Казакстанда омикрон штаммына байланыштуу жаңы чектөөлөр киргизилди

Бештин айынын 3нөн тарта Казакстанда Omicron штаммына байланыштуу жаңы чектөөлөр күчүнө кирет. Аталган вирустун түрүн жуктуруу учурлары катталган өлкөлөрдөн келген жүргүнчүлөр, алар эмдөөдөн өткөн-өтпөгөнүнө карабастан, ПЧР-тестин тапшырууга жана бир жумага обочолонууга милдеттендирилет.

Касым-Жомарт Токаев Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы мүдүрү Тедрос Адханом Гебрейесус менен коронавирустун жаңы штаммынын таралуу шартында пандемияга каршы туруу чараларын талкуулады.

Казакстандык адистер Omicron штаммынын Казакстан аймагында пайда болуу кооптуулугу кыйла жогору деп баалашууда. Алматынын санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башчысынын орун басары Садуакас Байгабулов вирустун бул түрү Delta штаммынан да коркунучтуу болушу мүмкүн деп эсептейт. Жаңы штамм 32 мутацияны камтыйт, алардын айрымдары вакцинага жогорку туруктуулукту көрсөткөн.

Садуакас Байгабулов, Алматы шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти башчысынын орун басары:

- Буга чейинки тажрыйба көрсөткөндөй, COVID-19дун жаңы аныкталган штаммдары негизинен абадагы тамчылар аркылуу жугушун эске алганда, башка өлкөлөргө тездик менен жайылып жатат. Албетте, тобокелдиктер бар. Ошол эле учурда, жаңы штамм өзгөчө эмдөөдөн өтпөгөн топтор арасында активдүү түрдө жугуп жатат. Ошондуктан, штаммдын андан ары жайылышын алдын алуу үчүн коронавируска каршы вакцина алуу маанилүү. Учурда Алматыда Omicron штаммынын белгилери байкала элек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков