ССМ: Өткөн суткада 746 адамдан вирус аныкталды

ССМ: Өткөн суткада 746 адамдан вирус аныкталды

Өткөн суткада өлкөдө дагы 746 адамдан вирус аныкталды. Ошентип, бейтаптардын жалпы саны 163 миңден ашып кетти. Акыркы көрсөткүчтөр боюнча Алматы лидер болууда. Бул жерде 120 тургундун тести оң натыйжа көрсөткөн. Атырау облусунда 73, Павлодар облусунда 65 жана Костанай облусунда 63 учур катталды. Саламаттыкты сактоо министрлиги ошондой эле кооптуу илдеттен 411 бейтап айыгып чыккандыгын билдирди.

Вирусту жуктуруп алгандардын көбөйүшүнө байланыштуу Казакстандын дагы бир аймагында эпид түсү өзгөрдү. Атырау облусу кайрадан кызыл зона категориясына кирди. Аймакта илдетти жуктуруп алгандардын саны 14 миң 500гө жетти. Аймактагы Тенгиз кениндеги абал тынчсыздандырат. Эпидемия талаа жумушчуларынын арасында жайылып кеткен. Акмола облусунда дагы абал ушундай, ошондуктан кызыл зонада кала берүүдө. Өткөн суткада аймакта коронавирустун 59 жаңы учуру катталды. Ал эми буга чейин кызыл зона деп эсептелген Павлодар облусунда, тескерисинче, кооптуулук деңгээли төмөндөгөн. Нур-Султан, Алматы, Костанай, Павлодар, Батыш жана Түндүк Казакстан сары зонанын тизмесине кирди. Башка аймактарда коркунуч белгиси жашыл түстө.