35 миңден ашык казакстандык PFIZER вакцинасын алды

35 миңден ашык казакстандык PFIZER вакцинасын алды

35 миңден ашуун казакстандык Пфайзер вакцинасын алды. Республикада өспүрүмдөр, бала эмизген энелер жана кош бойлуу аялдар америкалык антиковид препаратын колдонуп жатышат. Саламаттык сактоо министри Алексей Цойдун айтымында, эмдөө ийгиликтүү жүрүүдө. Өлкөгө аталган вакцинанын 645 миң дозасы жеткирилген.

Алексей Цой, Саламаттык сактоо министри:

- Бүгүнкү күндө вакцина ала турган 35 миң 012 адам эмдөөдөн өттү. Анын ичинде 26 миң 354 бала, 8658 кош бойлуу жана бала эмизген аялдар. Бул вакцинаны жеткирүү жума сайын уланат.

Департаменттен кабарлашкандай, балдарды эмдөө ата-энелеринин уруксаты менен гана жүргүзүлөт. Көптөгөн үй-бүлөлөр ковидге каршы вакцинадан шектенип жатканы чын. Деген менен адистер аталган препарат толугу менен коопсуз жана эч кандай терс таасирлери жок экенин айтышат.

Айдана Ергасен, РКнын ССМ Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө комитетинин алдындагы инфекцияны көзөмөлдөө башкармалыгынын башкы серепчиси:

- Анын курамында тирүү вирус жок жана эч кандай коронавирус инфекциясын пайда кылбайт. МРНК камтыган вакцинадан тышкары дагы башка компоненттер бар. Алар адамдын организмине эч кандай терс таасири жок. Бул вакцина коопсуз жана үч клиникалык сыноодон өткөн.

Эске салсак, өлкөдө коронавируска каршы эмдөө уланууда. Министр 7 миллион 969 миң 940 адам эки компоненттүү эмдөөдөн өткөнүн айтты. Кошумчалай кетсек, өлкөдө кечээтен бери ревакцинация жигердүү жүрүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков