Ревакцинациянын натыйжалуулугу боюнча серепчилердин пикири

Ревакцинациянын натыйжалуулугу боюнча серепчилердин пикири

Ревакцинация үчүн кандай препаратты тандоо керек? Эмне үчүн үчүнчү вакцинаны алуу керек жана учурда кандай вакциналар жеткиликтүү? Ушул жана башка суроолорго медицина кызматкерлери жооп беришти. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө өлкөдө жарандарды ревакцинациялоо иштери башталды. Азыркы учурда тобокелдик тобуна кирген бардык жарандар дары-дармектин үчүнчү дозасын алууга чакырылууда.

Айнагүл Куатбаева, Гигиена жана эпидемиология илимий борбору филиалынын мүдүрү, эпидемиолог:

- Ревакцинация биринчи кезекте коронавирус жуктурган адамдар менен байланышта болгон медицина кызматкерлерине, андан кийин мугалимдерге, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жана 60 жаштан жогоркуларга жүргүзүлөт. Анткени карылардын өнөкөт оорулары көп болгондуктан, коронавирус илдетин оор өткөрөт. Жабык медициналык мекемелердин кызматкерлери жана иммунитети начар адамдар да ревакцинациядан өтүүгө тийиш.

Эгерде казакстандыктар вакцинанын алгачкы эки компонентин алуу жараянын түшүнүшсө, үчүнчү доза боюнча бир катар суроолор жаралууда. Мисалы, ревакцинация үчүн кайсы вакцинаны тандоо керек? Вакциналардын түрлөрү жетиштүү. Мисалы, башка өлкөлөрдө адамдар кезекте турган Pfizer вакцинасын казакстандыктар акчага сатып ала алат. Деген менен акысыз ала турган вакциналар дагы бар. Жарандар үчүн Sputnik V, Sinopharm, QazVac жана ViroSel жеткиликтүү. Бирок эгерде сиз буга чейин вектордук вакцинаны алган болсоңуз, эми инактивдештирилген вакцинаны алышыңыз керек. Ушундай жол менен антителолордун санын көбөйтүүгө болот, дешет адистер.

Александр Гуляев, медицина илимдеринин доктору, профессор, Дары-дармектер менен медициналык каражаттарды талдоо улуттук борборунун серепчиси:

- Эгерде сиз кайра эмдөө учурунда башка препаратты алган болсоңуз, иммунитетиңиз үчүн ошол пайдалуураак. Ошондуктан, мисалы, сиз инактивдүү вакцина QazVac сыяктуу вакцинаны алган болсоңуз, азыр вектордук эмес препаратты колдонгонуңуз оң.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, биринчи этапта бир миллионго жакын казакстандыкты кошумча доза менен камсыздоо мерчемделген. Ал эми экинчи этапта алты миллиондон ашык адам. Ошондой эле, министрлик вакциналардын тартыштыгы жок экендигин билдирди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков