Бүгүн Казакстанда ревакциянациялоо башталат

Бүгүн Казакстанда ревакциянациялоо башталат

Казакстанда калкты коронавируска каршы кайра эмдөө өнөктүгү башталды. Эмдөө негизинен эки этапта жүргүзүлөт. Биринчи кезекте вакцинаны мугалимдер, медицина кызматкерлери, медициналык-социалдык мекемелердин жана жабык балдар мекемелеринин адистери, ошондой эле, укук коргоо органдарынын кызматкерлери алышат. Мындан тышкары, 60 жаштан жогорку антитело тести терс болгон адамдарга үчүнчү дозаны алууга уруксат берилди. Өлкөнүн саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, быйыл ревакцинациялоонун биринчи этабында 1 миллион, экинчи этабында 6 миллиондон ашык адамды камтуу мерчемделүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков