Pfizer вакцинасынын экинчи партиясы Казакстанга жетинин айынын 22не чейин жеткирилет

Pfizer вакцинасынын экинчи партиясы Казакстанга жетинин айынын 22не чейин жеткирилет

Pfizer вакцинасынын экинчи партиясы Казакстанга жетинин айынын 20на чейин жеткирилет. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында саламаттыкты сактоо министри Алексей Цой билдирди. Эске сала кетсек, буга чейин аталган дары-дармектин биринчи партиясы менен өлкөгө 379 миң доза вакцина алынып келинген. Тармак жетекчисинин айтымында, бүгүнкү күндө 1313 бала, 247 кош бойлуу жана бала эмизген аялдар эмдөөдөн өткөн. Минстрликтин башчысы Pfizer вакцинасы рынокко акы төлөнүп жеткириле турганын билдирди. Учурда Казакстандын эмдөөдөн өтүүчү калкынын 69%ы толук толук вакцинацияланды. Өкмөт жыйынында коронавирус инфекциясынын жыйынтыгын жарыялап жатып, Алексей Цой жүргүзүлгөн анализдер инфекцияны оор өткөрүп жаткан бейтаптардын көбү эмделбеген калкка таандык экенин белгиледи.

Алексей Цой, Саламаттыкты сактоо министри:

- Бирдин айынын 1нен бери эмдөөдөн өтпөгөн коронавирус менен ооругандардын арасындагы үлүшү болжол менен 95%га жакын. Ал эми адамдардын 5% гана вакцинаны алышкан. Өпкөнү жасалма дем алдыруучу апаратка туташтырылган бейтаптардын үлүшү да ушуга окшош - болжол менен 96% вакцина албаган. Бул маалыматтар вирус менен күрөшүүнүн вакциналардан башка эффективдүү жолу жок экенин көрсөтөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков