Казакстанда ревакцинациялоо боюнча токтом чыкты

Казакстанда ревакцинациялоо боюнча токтом чыкты

Казакстанда жетинин айынын 22нен тарта коронавируска каршы ревакцинация башталат. Тиешелүү токтомго башкы санитардык дарыгердин милдетин аткаруучу кол койду. Алгачкы этапта кайра иммунизацияга медициналык жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери, мугалимдер, медициналык-социалдык мекемелердин кызматкерлери жана контингенти, 60 жаштан ашкан адамдар, иммунитети алсыз, тобокелдик тобуна кирген адамдар кирет. Экинчи этапта күчөтүүчү доза бардык кызыкдар жарандар үчүн жеткиликтүү. Коронавируска каршы ревакцинациялардын ортосундагы интервал да белгилүү болду. Вектордук вакцинаны алгандан кийин 9 ай, активдүүлүгү жоюлган жана РНК вакцинасынан кийин 6 ай сакталышы керек. Кайра эмделүүнүн биринчи курсу үчүн колдонулган препаратты жүргүзүүгө жол берилет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков