Казакстанда Pfizer препараты менен вакцинациялоо башталды

Казакстанда Pfizer препараты менен вакцинациялоо башталды

Казакстанда кош бойлуу жана бала эмизген аялдарды жана 12-17 жаштагы өспүрүмдөрдү Pfizer препараты менен эмдөө башталды. Нур-Султан шаарына жалпысынан 35 миң доза вакцина алып келинди. Борбор калаанын коомдук саламаттыкты сактоо департаментинин маалыматы боюнча, америкалык вакцинаны 20дан ашык пунктан алууга болот.

Төрежан Турсын, студент:

- Мен Pfizerди күтүп жаткам. Албетте, эң негизгиси өзүмдү коргоо үчүн жана ооруп калбашым үчүн вакцина алдым.

Гүлфайруз Ыскакова, шаар тургуну:

- Менин эки айлык балам бар. Ал аяк оона айынын 3дө төрөлгөн. Мен кош бойлуу кезде вакцина алгым келген. Азыр айланабыздагылардын баары эле алып жатпайбы. Pfizer келгенде, мен аны алам деп чечкем. Дарыгерден балага таасир этеби деп сурадым. Эгерде таасир этпесе, эмнеге болбосун.

Pfizer вакцинасынын бир ампуласы 6 дозага арналган. Препаратты ачкандан кийин жарактуулук мөөнөтү 6 саатты түзөт. Ал эми мөөр басылып, эритилген калыбында бир айдан ашык сактоого болбойт.

Айгерим Ардак Кызы, Нур-Султан шаары саламаттыкты сактоо Башкармасынын басма сөз катчысы:

- Жарандар өздөрүнүн терапевттерине кайрылышат, ал эми клиникалар эмдөөчүлөрдүн тизмесин түзүшөт. Бала эмизген жана кош бойлуу аялдар эмдөөгө ынтызар. Албетте, балдарда абал башкача. Анткени ата-энелери менен көбүүрөк маектешет. Башкача айтканда, ата-энелерден демилге күтөбүз. Pfizer вакцинасы менен эмдөөнү каалаган башка адамдар бар, бирок азырынча максаттуу топко басым жасалууда.

Өлкөдө коронавируска каршы эмдөө үчүн Pfizer вакцинасы башка да категорияларга жеткиликтүү болот. Бул тууралуу премьер-министр ЖМК өкүлдөрү менен болгон жолугушууда билдирди. Аскар Маминдин айтымында, учурда бул маселенин үстүндө мекемелер аралык комиссия иштеп жатат. Чечим ушул аптада жарыяланышы мүмкүн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков