Саламаттык сактоо министрлиги Казакстандагы эпидкырдаал тууралуу маалымдады

Саламаттык сактоо министрлиги Казакстандагы эпидкырдаал тууралуу маалымдады

Казакстанда Pfizer вакцинасын коммерциялык негизде камсыздоо каралып жатат. Ага ылайык, америкалык вируска каршы препарат өлкөдө өспүрүмдөргө, кош бойлуу жана бала эмизген аялдарга гана жеткиликтүү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Алексей Цой борбордук коммуникациялар кызматында өткөн брифингинде билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө республикада эпидемиологиялык абал турукташты. Акыркы эки айда коронавируска чалдыккандар 3,4 эсеге азайган. Күнүнө бир жарым миңге чейин илдет жуктуруу учурлары катталат. Мунун натыйжасында Казакстан жашыл аймакка өттү. Ошол эле учурда, министр мекеме Pfizer вакцинасынын 4 миллиондон ашык дозасын сатып алганын, бул 2 миллион 115 миңге жакын адамды камтый турганын айтты. Белгилей кетсек, буга чейин Саламаттык сактоо министри Алексей Цой Казакстанда калкты коронавируска каршы ревакцинациялоо жетинин айынын 22не башталып, эки этапта болорун билдирген. Брифинг учурунда кимдерге эмдөө жүргүзүлөрүн кеңири айтып берди.

Алексей Цой, Казакстандын Саламаттык сактоо министри:

- Биринчи кезекте медицина кызматкерлери, мугалимдер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери жана жабык балдар мекемелери, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери эмдөөдөн өткөрүлөт. Белгиленген мөөнөттөрдү эске албаганда, ревакцинациялоо 60 жаштан ашкан адамдарга, ошондой эле, изилдөөдөн өз алдынча өткөн жана илдетке каршы антителолордун анализинин терс натыйжасы бар адамдарга уруксат. Экинчи этапта биринчи кезектеги эмдөөдөн өткөн (толук эмдөө курсу аяктагандан кийин 6-9 ай) жана 2022-жылдын үчтүн айынан баштап ревакцинациялоо мөөнөтү жакындап калган калган жарандар кайра эмдөөдөн өтүшөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков