Казакстанда ревакцинация жетинин айынын 22де башталат

Казакстанда ревакцинация жетинин айынын 22де башталат

Pfizer вакцинасынын биринчи партиясы Казакстанга жетинин айынын 15не чейин жеткирилет. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында Саламаттык сактоо министри Алексей Цой билдирди. Министрдин айтымында, коронавируска каршы бул препараттын 4 миллиондон ашык дозасы сатылып алынган. Биринчи партия 379 миң доза көлөмүндө жеткирилет деп күтүлүүдө.

Алексей Цой, РКнын Саламаттык сактоо министри:

- Балдарды, кош бойлуу жана бала эмизген аялдарды коронавируска каршы эмдөө менен камсыздоо максатында 4 миллион 230 миң доза вакцина сатылып алынды. Бул 2 миллион 115 миң адамды камтууга мүмкүндүк берет. Вакцинациялоого 12-17 жаштагы балдар, 16-37 жумалык кош бойлуу аялдар жана төрөттөн 42 күндөн кийин бала эмизген аялдар кирет. Комирнати (Pfizer) вакцинасын сактоонун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен бүгүнкү күндө 34 тоңдургуч сатып алынып, республиканын 16 облусуна жеткирилди.

Ошондой эле, министр өлкөдө ревакцинация жетинин айынын 22нен башталып, биринчи кезекте тобокелчиликке кирген жарандар камтыларын билдирди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков