Казакстанда карантиндик чектөө чаралары күчөтүлөт

Казакстанда карантиндик чектөө чаралары күчөтүлөт

Казакстанда карантиндик чектөө чаралары күчөтүлөт. Бул үчүн коомдук жайларга жашыл макамы бар келүүчүлөрдү гана киргизүү маселеси каралып жатат. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында Саламаттык сактоо министринин орун басары Марат Шоранов билдирди. Тармак өкүлүнүн айтымында, өлкөдө эмдөө көрсөткүчүнүн төмөндөшү байкалууда. Азыркы учурда коронавируска каршы вакцина алган калктын 66,6% эмдөөнүн толук курсунан өттү. Бул өлкө калкынын 40%га жакынын түзөт. Адистердин айтымында, бул көрсөткүч жамааттык иммунитетти калыптандырууга аздык кылат.

Марат Шоранов, РКнын Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары:

- Учурда иш күндөрү жана дем алыш күндөрү адамдар көп чогулган коомдук жайларга жашыл макамы барларды гана киргизүү боюнча пилоттук долбоор иштелип чыгууда. Бул биринчи кезекте медициналык каршы көрсөтмөсү бар топтор менен балдардын жана улгайган адамдардын ден соолугун коргоо үчүн жасалат. Башкача айтканда, биздин эрежелер боюнча эмдөөдөн өтүшү керек же медициналык каршы көрсөтмөсү бар болушу керек.

Жалпысынан республика боюнча акыркы эки айдын ичинде илдетке чалдыгуу көрсөткүчү 2,8 эсеге, ал эми курмандыктардын саны 4,1 эсеге кыскарган. Деген менен ээн-эркин жүрүүгө жана сактык чараларына кайдыгер кароого эрте, дешет адистер.

Аскар Мамин, РКнын Премьер-Министри:

- Коңшу мамлекеттердеги абалды да эске алуу керек. Бардык аймактарда чектөө чараларын сактоону камсыз кылуу зарыл. Мониторинг топтору күчөтүлгөн режимде иштеши керек. Акимчиликтер жана Саламаттык сактоо министрлиги медициналык мекемелердин кампаларындагы дары-дармектерди жана буюмдарды текшерүүдөн өткөрүп, аларды толук көлөмдө камсыз кылышсын.

Белгилей кетсек, дүйнөлүк рейтингде Казакстан илдетке чалдыгуу боюнча 222 өлкөнүн ичинен 105-орунда, ал эми курмандыктардын көрсөткүчү боюнча 102-орунда турат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков