Казакстан Борбордук Азиядагы медициналык туризмдин борборуна айланууда

Казакстан Борбордук Азиядагы медициналык туризмдин борборуна айланууда

Диагноз коюудан баштап жүрөккө, омурткага же мээге жасалган татаал операцияларга чейин. Казакстанда эң көп суроо-талапка ээ медициналык туризм күч алууда. Жыл сайын бир нече миң чет элдиктер бул багытта ар кандай кызматтарды алуу үчүн өлкөгө келишет. Дарылануунун баасындагы чоң айырмачылыктардан тышкары, башка өлкөнүн тургундары Казакстандын медициналык уюмдарындагы эл аралык аккредитация системасын эске алуу менен заманбап технологиялардын жана жабдуулардын болушуна, ошондой эле, дарыгерлердин квалификациясына көңүл бурушат.

Ернур Кенжебеков, «Казак туризм» УК Басма сөз катчысы:

- Бизде эл аралык стандарттарга жооп берген борборлорубуз бар. Мисалы, томотерапия борбору, башкача айтканда, нур терапиясынын диагностикасы. Бул биздин артыкчылыгыбыз. Жылуулук булактары, Шонжа, радон ванналары жана башка табигый шыпаалуу жерлер сыяктуу. Ошондой эле, Казакстан кардио-нейрохирургия, ортопедия, онкология, репродуктивдүү медицина, стоматология, косметология багыты боюнча бир катар кызматтарды сунуштайт.

Экинчи көп тармактуу оорукананын кардиохирургия бөлүмүнүн адистерине Украинадан, Орусиядан, Молдовадан, Индиядан, жада калса Улуу Британиядан, Канададан 160тан ашуун чет элдик ишеним көрсөттү. Аларга 20 жылдан ашык тажрыйбасы бар дарыгер Сейил Мухаметкалиев жабык, ошондой эле ачык түрдөгү татаал операцияларды жасаган. Натыйжада бүгүнкү күндө бейтаптардын жүрөгү тынымсыз иштеп жатат.

Сейил Мухаметкалиев, Нур-Султан шаары №2 көп тармактуу шаардык ооруканасынын чукул кардиология жана кардиохирургия борборунун башчысы

- Бул бейтаптарга биз жүрөктөн аортага, аортанын тармактарына, жүрөктүн клапандарына операция жасайбыз. Биздин ооруканага келем, жардам алгым келет деген бейтаптарга бардык шарттар түзүлгөн.

Башкача айтканда, бизде кардиохирургия жана кардиология, кан тамырлар боюнча тейлөөнүн бардык спектрдик көмөгү бар.

Белгилей кетсек, чет элдиктер үчүн эң жакшы кызмат экстракорпоралдык уруктандыруу болуп саналат. Казакстандын клиникаларында жасалма уруктандыруунун баасы 2,5 миң долларга бааланса, Европада ушуга окшош процедура 15 миң долларга жакын, ал эми АКШ менен Канаданын клиникаларында андан да кымбат. Башка өлкөнүн жарандарын да ата мекендик стоматологдор дарылашат, алардын кызматы Европадан 15 эсе арзан, бирок сапаты жагынан кем калышпайт. Адистердин айтымында, медициналык жана ага байланыштуу ден соолукту чыңдоо туризминин дарамети чоң. Ошентип, жыл сайын ден соолугун чыңдагысы келген миллиондогон адамдар дүйнө жүзү боюнча саякатташат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков