Казакстан мамлекеттик чек арада эпидемиологиялык көзөмөлдү күчөтөт

Казакстан мамлекеттик чек арада эпидемиологиялык көзөмөлдү күчөтөт

Мамлекеттик чек арада эпидемиологиялык көзөмөлдү күчөтүү жана эмдөө темпин тездетүү. Мындай тапшырманы Премьер-министр Аскар Мамин өкмөттүн жыйынында берди. Премьер-министрдин айтымында, өлкөдө вакцинациялоо көрсөткүчү төмөндөдү. Маселен, вакцинанын биринчи компонентин 8,2 миллиондон ашык адам алса, вакцинанын экинчи компонентин 7 жарым миллионго жакын казакстандык алган.

Аскар Мамин, Казакстандын Премьер-Министри:

- Маңгыстау, Батыш Казакстан, Костанай, Акмола облустарынын жана Нур-Султан шаарынын акимдери эмдөө маселесин жеке көзөмөлгө алып, анын талап кылынган деңгээлин камсыз кылышы керек. Саламаттык сактоо жана маалымат министрликтери калкка вакцинациялоо жана ревакцинациялоонун маанилүүлүгүн, ошондой эле, ден соолукту сактоонун бирден-бир жолу коронавируска каршы эмдөө экенин түшүндүрүү иштерин улантышсын.

Саламаттык сактоо министри Алексей Цой жакынкы айларда коронавирус инфекциясы боюнча эпидемиологиялык абалдын болжолун жаңылады. Анын айтымында, жетинин айында пессимисттик сценарий боюнча күнүнө орто эсеп менен 1800, ал эми оптимисттик божомол боюнча 1500гө чейин илдетти жуктуруу учурлары катталышы мүмкүн.

Алексей Цой, Казакстандын Саламаттык сактоо министри:

- Жалпысынан Казакстанда акыркы 2 айда илдеттин көрсөткүчү 4,5 эсеге, курмандыктар 4,8 эсеге кыскарган. Казакстанда баш оона айынын 1нен тарта инфекциялык бөлүмдөгү бош орундар 56дан 37%га, реанимацияда 45тен 30%га кыскарды. 30 миңден ашык бош орун резервде калды. Эпидемиологиялык абалдын турукташуусуна байланыштуу инфекциялык жайларды убактылуу жабуу иштери уланууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков