Адистер казакстандыктарды кан донорлорунун катарына кошулууга чакырды

Адистер казакстандыктарды кан донорлорунун катарына кошулууга чакырды

Адистер казакстандыктарды донорлордун катарын толуктоого жана кан тапшырууну көбөйтүүгө чакырат. Айта кетсек, бул кайрымдуулук акциясына коронавирус жуктургандар да катыша алышат. Медициналык каршы көрсөтмөсү жок жана салмагы 50 кг кем болбогон ар бир бойго жеткен адам донор боло алат.

Айгерим Сагамбаева, Трансфузиология илимий-өндүрүштүк борбору бөлүмүнүн башчысы:

- Эгерде адам спирт ичимдигин ичкен болсо, анда ал 48 саат бою кан тапшыруудан бошотулат. Ал эми сасык тумоо менен ооруган адамдарга эки жумага, ангина менен ооругандарга эки айга чейин, коронавирус менен ооругандарга эки жумага, пневмония менен ооругандарга бир айга чейин донордук кылууга тыюу салынат. Кан тапшырууга такыр болбой турган бир катар каршы көрсөтмөлөр бар. Мисалы, жүрөк-кан тамыр системасынын оорулары, миокардит, эндокардит. Же экспертизанын жыйынтыгына ылайык, В, С гепатиттери, ВИЧ, сифилис аныкталган учурда.

Борбор калаадагы трансфузиология илимий-өндүрүштүк борборунун маалыматы боюнча, өткөн жылы донорлордун басымдуу бөлүгү эркектер болгон. Бул болжол менен 69%ды түзөт. Кан тапшырган аялдардын саны аз. Донорлордун көбү 30 жаштан 50 жашка чейинкилер. 13 пайызы 50 жаштан жогору, калгандары 18 жаштан 30 жашка чейинкилер.

Ахмет Шілдебай, донор:

- Донорлукка биринчи жолу келип жатам. Ушул убакытка чейин көптөгөн адамдар тапшырып жатышат. Кан тапшыруу абдан пайдалуу иш. Бир чети мен муну жарандык милдетим деп эсептейм. Кичине болсо да өзүбүздүн пайдабыз тийсин деп келип жатам. Мен кан тапшырганда ушундай сезимде болом. Бир жагынан элге да пайдасы тийип калар. Мен баардыгын кан тапшырууга чакырам.

Кан тапшыруу жараяны көпкө созулбайт. Бир аз убакыт бөлүү менен бирөөнүн өмүрүн сактап калууга болот, дешет адистер.

Которгон: Илгиз Жамалбеков