Түндүк Казакстан облусунда локдаун жарыяланышы мүмкүн

Түндүк Казакстан облусунда локдаун жарыяланышы мүмкүн

Түндүк Казакстан облусу карантинге толугу менен жабылышы мүмкүн. Акыркы эки жуманын ичинде аймакта COVID-19 оорусу 1,5 эсеге өстү. Аймактын санитардык дарыгерлеринин айтымында, эпидемияга терс таасирин тийгизүүчү факторлордун бири - эмдөө өнөктүгүнүн жай жүрүшү жана дельта штаммынын жайылышы болуп жатат.

«Эки жумадан бери Түндүк Казакстан облусу коронавирус инфекциянын таралышы боюнча кооптуулуктун кызыл деңгээлинде. Эгерде илдеттин деңгээли төмөндөбөсө, анда биз мекемелердин ишин токтотуп, аймакта карантин жарыялоого аргасыз болобуз. Албетте, бул милдеттүү чара, анткени коронавирус инфекциясы менен ооругандардын санынын көбөйүшү медициналык мекемелерге оорчулук келтириши мүмкүн», - деп билдирет Түндүк Казакстан облусунун башкы санитардык дарыгеринин орун басары Арман Кушбасов.

Которгон: Илгиз Жамалбеков