Казакстанда жетинин айында ревакцинация башталат

Казакстанда жетинин айында ревакцинация башталат

Казакстанда ревакцинация качан башталат? Бул суроого Саламаттык сактоо министри Алексей Цой өзүнүн Фейсбуктагы баракчасында жооп берди. Министрдин айтымында, кайра эмдөө ушул жылдын жетинин айынын үчүнчү декадасында башталат. Адаттагыдай эле, ревакцинация биринчи кезекте медицина адистерине, мугалимдерге, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине, жабык мекемелерге жана куралдуу күчтөргө багытталат. Ошондой эле, 60 жаштан ашкан жарандар өзүн-өзү текшерүүдөн өткөн жана коронавируска каршы антитело үчүн терс натыйжасы бар жарандар. Ревакцинация үчүн вакцинанын 1 дозасы гана колдонулат жана ал 6-9 айдан кийин жасалат, деди министр.

Которгон: Илгиз Жамалбеков