Вакцина алууга болбой турган казакстандыктар «жашыл» макам алат

Вакцина алууга болбой турган казакстандыктар «жашыл» макам алат

Ден соолугуна байланыштуу коронавируска каршы вакцина ала албаган казакстандыктар борбордогу коомдук жайларга барууга мүмкүнчүлүк алышат. Бирок алар медициналык карама-каршы көрсөтмөлөрдү көрсөтүүгө тийиш. Нур-Султан шаарынын башкы санитардык дарыгери Сархат Бейсенованын айтымында, программа азырынча аягына чыга элек. Медициналык күбөлүгү барлардын макамы келечекте «Ашык» тиркемесинде жашыл болуп өзгөрөт.

Сархат Бейсенова, Нур-Султан шаарынын башкы санитардык дарыгери:

- Участкалык дарыгер берген аныктамасы бар, атайын медициналык каршы көрсөтмөсү бар жарандар дем алыш күндөрү коомдук жайларга барууга толук укуктуу. Тагыраак айтканда, ал мекеменин администрациясына расмий күбөлүктү көрсөтүшү керек. Учурда Саламаттык сактоо министрлиги аныктамалары барлардын макамы Ашык тиркемесинде көк эмес, жашыл болушу үчүн аныктамаларды программага кошуу боюнча иштеп жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков