Шымкент тургундары 100% коронавируска каршы эмделди

Шымкент тургундары 100% коронавируска каршы эмделди

Шымкент тургундары 100 пайыз вакцина алышты. Шаар бийлиги калкты эмдөө планы аткарылганын билдирди. Ошентип, аймакта 454 миңден ашуун адам вакцинанын эки компонентин алды. «Бүгүнкү күндө вакцина алуучу 536 миң жарандын баары эмдөөнүн биринчи компонентин алды. Бул категорияга кошумча 60 миң адам кошулган», – деп маалымдайт акимчиликтин басма сөз кызматы.

Ошондой эле, шаарда коронавирусту жуктуруу учурларынын саны кыйла азайганын да белгилей кетүү керек. Акыркы сутка ичинде бул жерде вирустун 28 учуру катталган. Буга байланыштуу мегаполис бүгүнкү күндө коопсуз «жашыл» зона категориясына кирет.

Которгон: Илгиз Жамалбековм