Казакстанда 10 миллион адамга коронавируска каршы вакцина саюу мерчемделген

Казакстанда 2021-жылдан тарта ыктыярдуу түрдө жалпы эмдөө мерчемделип жатат. Биринчи этапта инфекция жуктуруу коркунучу жогору адамдар, башкача айтканда, дарыгерлер, мугалимдер, укук коргоо органдарынын кызматкерлери эмдөөдөн өтүшөт. Ошол эле учурда, өлкөдө иштелип жаткан ата мекендик вакцинанын сыноолору ушул жылдын жалган куран айынын аягына чейин аяктайт. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, казакстандык дары-дармектин терс таасирлери аныкталган жок. Биринчи партиясы ушул жылдын аягына чейин чыгарылат. Башкы дарыгер Алексей Цойдун айтымында, бүгүнкү күндө Орусиядан 2 миллион доза коронавирус вакцинасын алуу боюнча келишим бар. Бул вакцина Караганды фармацевтикалык заводунда чыгарылат. Мындан тышкары, Америкалык жана Германиялык өндүрүүчүлөрдүн вакциналары ушул жылдын экинчи жарымынан кийин өлкө аймагына жеткирилери белгилүү болду. Жалпы глобалдык деңгээлде өрчүгөн кооптуу илдетке каршы 10 миллион казакстандыкты эмдөө мерчемделген. Башкача айтканда, калктын 55 пайызы камтылат. Өлкөдөгү адамдардын көпчүлүгү вакцина эч кандай терс таасирин тийгизбей турган учурда гана эмдөө алууга каршы эмес экендиктерин айтышат. 

БЛИЦ:

 - Бир вакцинаны жасоого үч жылдай убакыт кетет. Анын адамдарга зыяны барбы же жокпу деген сыяктуу. Бир жылдын ичинде вакцина адамдарга 100% зыянсыз болду деп айтуу кыйын деп ойлойм. Үч жыл даярданып, адамга эч кандай зыяны жок экендиги далилденсе, мүмкүн вакцина саюуга болор.

 - 20-жылдын ичинде көптөгөн адамдар аталган оорудан көз жумду. Аны токтотуу үчүн вакцинаны киргизүү керек деп ойлойм. Эми, албетте, буга каршы болгондор көп. Бирок ден соолук ар бир адамдын өзүнө керек.

 - Мен бул өнөктүккө каршы эмесмин. Бирок бул вакцина адамдын ден соолугуна жана организмине терс таасирин тийгизеби же жокпу? Мунун бардыгын адистер текшерип, изилдеп, андан кийин гана барып, калкка колдонсо деген талабым бар.