Казакстанда сутка ичинде COVID-19 илдетине чалдыгуу учурлары азайды

Казакстанда сутка ичинде COVID-19 илдетине чалдыгуу учурлары азайды

Казакстанда акыркы суткада коронавирус инфекциясынын 645 жаңы учуру катталды. Бул мурунку күнгө караганда 69 учурга аз. Ошол эле учурда, эң чоң өсүш, тактап айтканда, илдеттин 105 адамга жуккан учуру Алматы шаарында болгон. Павлодар облусунда 72 учур жана Казакстандын борборунда, ошондой эле Акмола жана Костанай облустарында 58 учур  аныкталды.

Казакстанда COVID-19дун жалпы 157 миң 579 учуру катталган. Анын ичинен:

Чыгыш Казакстан облусунда - 18 994 (+48),

Алматыда - 18 847 (+105),

Нур-Султанда - 18 709 (+58),

Атырау облусунда - 13 741 (+51),

Караганды облусунда - 12 217 (+27),

Батыш Казакстан облусунда - 9 322 (+35),

Павлодар облусунда - 9 408 (+72),

Түндүк Казакстан облусунда - 8 799 (+56),

Костанай облусунда - 7 740 (+58),

Акмола облусунда - 7 422 (+58),

Алматы облусунда - 7 268 (+38),

Шымкентте - 5 517 (+1),

Жамбыл облусунда - 5 039 (+9),

Мангыстау облусунда - 3 748 (+13),

Актөбө облусунда - 3 707 (+3),

Түркестан аймагында - 3 697 (+10),

Кызылорда облусунда - 3 404 (+3).

Белгилей кетсек, карантин өлкөнүн чыгышында үчтүн айынын 18не чейин узартылган. Башкы санитардык дарыгердин милдетин аткаруучу Хамит Илюбаевдин жарлыгына ылайык, аймакта ар кандай массалык иш-чараларга жана үй-бүлөлүк майрамдарга тыюу салынуу сакталууда.

Ошол эле учурда, үчтүн айынын 6нан тарта Чыгыш Казакстанда облустар менен шаарлар ортосунда жүргүнчүлөрдү ташуу иштери жандандырылат. Айдоочулар жана жүргүнчүлөр беткап режимин сакташы керек. Мындан тышкары, Айыл, Уба, Бахты жана Майкапчагай өткөрүү жайларындагы төрт санитардык пост иштерин кадимки нукта уланта берет.

Ошондой эле, Атырау облусу «кызыл» зонада экендигин кошумчалай кетүү керек. «Сары» зонада Түндүк Казакстан, Акмола, Костанай, Павлодар облустары, Нур-Султан жана Алматы шаарлары. Жалпысынан, республика азыр коркунучтуу эмес зонада - тагыраак айтканда, «жашыл» зонада турат.