Нур-Султанда IX Евразиялык радиологиялык форум башталды

Нур-Султанда IX Евразиялык радиологиялык форум башталды

Казакстанда радиолог адистер жетишпейт. Коронавирус пандемиясы дал ушул тармактагы дарыгерлердин маанилүүлүгүн ачык көрсөттү. Бул тууралуу салттуу IX Евразиялык радиология форумунун ачылышында Улуттук нейрохирургия борборунун радиология бөлүмүнүн башчысы Жанибек Байтурлин билдирди. Адистин айтымында, өлкөдө технология жетиштүү болгону менен кадрлардын жетишсиздиги актуалдуу бойдон калууда. Андыктан мындай форумдарда жаш дарыгерлер, тажрыйбалуу адистер жана эл аралык деңгээлдеги профессорлор менен баарлашуу маанилүү. Үч күнгө созула турган IX Евразиялык радиология форумунда коронавирус пандемиясынын шартында радиологиянын ролу жана орду, ошондой эле, радиологиядагы жаңы жетишкендиктер талкууланат.

Жанибек Байтурлин, Улуттук Нейрохирургия борборунун радиология бөлүмүнүн башчысы:

- 2019-2020-жылдары, өзгөчө 2020-жылы, 2021-жылдын биринчи жарымында Казакстанда гана эмес, бүткүл дүйнө жүзүндө рентгенология, диагностика тармагында биздин адистердин, айрыкча рентгенологдордун, компьютердик томография менен алектенген адистердин абдан маанилүү экендигин көрсөттү. Менимче, азыр маселе жок. Учурда чоң шаарларда бир эмес, бир нече компьютердик томография бар. Алматы, Нур-Султанды айтпаганда. Жалпысынан облус борборлорунда бир нече томографтар бар. Рентген аппараттары сөзсүз түрдө бар. Көйгөй адистерде. Азыркы учурда бул жаатта бир аз адистер жетишпейт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков