Казакстан 13 мамлекеттин вакцинациялоо паспортун тааныйт

Казакстан 13 мамлекеттин вакцинациялоо паспортун тааныйт

Казакстан дагы алты өлкөнүн вакцинациялоо документтерин тааныды. Тиешелүү буйрукка өлкөнүн башкы мамлекеттик санитардык дарыгери кол койду. Учурда республикада Аргентина, Иран, Сан-Марино, Армения, Беларусь, Эстония жарандарынын эмдөө боюнча жарактуу документтери жана сертификаттары бар. Буга чейин тизмеге Венгрия, Таиланд, Монголия, Грузия, Кыргызстан, Молдова жана Түркия кирген. Ошентип, эми 13 мамлекеттин вакцинациялоо паспорттору Казакстанда расмий түрдө таанылат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков