Казакстандыктарга Pfizer вакцинасы 2022-жылдын башында жеткиликтүү болот

Казакстандыктарга Pfizer вакцинасы 2022-жылдын башында жеткиликтүү болот

Казакстандыктар келерки жылдын башынан тартып COVID-19га каршы америкалык Pfizer вакцинасын ала алышат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алексей Цой атайын брифингде билдирди. Мекеме башчысынын айтымында, жеткирүүчү компания менен акыркы келишимге кол коюлду. Ошондой эле, ал вакцинанын 4 миллион дозасы күтүлүп жатканын жана препаратты сактоо үчүн бардык шарттар түзүлгөндүгүн кошумчалап өттү. Ага ылайык, керектүү температураны сактоо үчүн муздаткыч камералар сатылып алынууда.

Алексей Цой, Казакстандын Саламаттык сактоо министри:

- Ага жараша муздаткыч системасы толук калыптанат. Жеткирүү учурунда да Казакстандын ар бир облусунда муздаткыч системасы болот. Бул талап кылынган минус 80 градус режимине жооп бериши керек. Ошондуктан, керектүү нерсенин баары жасалат. Эмдөө пункттары уюштурулду. Принцип бирдей, бир гана сактоо температурасы режими башкача. Андыктан бардык региондордо кошумча объекттер орнотулат.

Министрдин айтымында, бул келечекте вакциналарды бир нече температурада кармоо үчүн көп баскычтуу механизмди түзүүгө мүмкүндүк берет. Кошумчалай кетсек, Алексей Цой жетинин айына чейин калкты кайра эмдөө боюнча чечим кабыл алынышы керектигин билдирди. Келерки аптада мекемелер аралык комиссиянын жыйынында кооптуу илдетке каршы кайра вакцинациялоо программасын бекитүү боюнча сунуш киргизилет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков