«QazVac» халал стандартына ылайык деп таанылды

«QazVac» халал стандартына ылайык деп таанылды

«QazVac» вакцинасы халалдын жалпы талаптарына шайкештик сертификатын алды. Бул тууралуу Биологиялык коопсуздук илимий- изилдөө институту билдирди. Казакстан мусулмандары дин башкармалыгынын өкүлдөрү, «Халал Даму», технологдор, медицина кызматкерлери биофармацевтикалык заводго барып, вакцина өндүрүүнүн технологиялык жараяны менен таанышып чыгышты. Натыйжада препарат сапаттуу жана коопсуз деп таанылды. Эске салсак, QazVac вакцинасы Delta штаммына каршы эң эффективдүү препарттардын катарында. Илимпоздор ата мекендик вакцинаны алгандардын арасында нейтралдаштыруу реакциясын жүргүзүшкөн, натыйжада аларда антителолордун жогорку деңгээли аныкталган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков