QazVac дельта штаммынан коргой алат

QazVac дельта штаммынан коргой алат

QazVac - коронавирустун дельта штаммына каршы эффективдүү вакцина. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Кооптуу илдетке каршы ата мекендик препаратты иштеп чыгуучулар эмделген адамдар арасында бир катар изилдөөлөрдү жүргүзүшүп, алардан антителолордун жогорку деңгээлин аныкташкан. Ал вирустун үч түрүн, анын ичинде индиялык штаммга каршы тура алат деп таанылган. Антителолор клиникалык сыноолорго катышкандардын 90%дан ашыгында аныкталган. Белгилей кетсек, буга чейин бул сынактар лабораториялык жаныбарларга жасалып, эмделген түрлөрү илдет жуктурган эмес. Эске салсак, QazVac биологиялык коопсуздук илим изилдөө институтунун окумуштуулары тарабынан иштелип чыккан. Алардын тажрыйбасында 60тан ашык дары -дармектер, анын ичинде 30 вакцина бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков