Казакстандагы эпидемиологиялык абал

Казакстандагы эпидемиологиялык абал

Казакстанда коронавирустук инфекция боюнча эпидемиологиялык кырдаал жакшырган жок. Илдеттин таралуу көрсөткүчү туруксуз. Бүгүнкү күндө кооптуу илдетти жуктуруунун 152 миңден ашуун учуру тастыкталды. COVID-19 таралуусу боюнча Акмола, Атырау, Костанай жана Павлодар облустары кызыл зонага кирет. Бул тууралуу брифингдин жүрүшүндө Саламаттык сактоо вице-министри Марат Шоранов билдирди. Анын айтымында, бештин айынын 28-күнү Казакстан жашылдан сары зонага өттү. Бирок быйыл инфекциянын башка 50дөн ашык түрү боюнча илдет жуктуруу көрсөткүчү төмөндөгөн. Муну эске алганда өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал туруктуу. Калк арасында холера, кара тумоо, безгек жана башка ушул сыяктуу оорулары катталган жок.

 МАРАТ ШОРАНОВ, КАЗАКСТАНДЫН САЛАМАТТЫК САКТООНУН БИРИНЧИ ВИЦЕ-МИНИСТРИ:

- Кызылча оорусу 3,7 эсеге, ашказан оорусу 2 эсеге, менингококк инфекциясы 1,8 эсеге азайды. Өнөкөт вирустук гепатиттин таралышы 42 пайызга, кургак учук 22 пайызга, курч вирустук гепатит 9,3 пайызга төмөндөдү. Казакстанда улуттук графикке ылайык, жугуштуу ооруларга каршы профилактикалык эмдөө иштери уланып жатат.