Аймактардагы вакцинациялоо темпи

Аймактардагы вакцинациялоо темпи

100 пайыз эмдөө. Акмола облусунун Жаркайың жана Коргалжын райондорунун иммунизациялана турган тургундары коронавируска каршы толугу менен эмделди. Бул тууралуу облустук санитардык -эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти. Ал эми облус борбору Көкшетау шаарында вакцина алууга тийиш болгон калктын жарымынан ашыгы эмделди. Белгилей кетсек, жалпы облус боюнча учурда 280 миңге жакын адам вакцинанын эки компонентин тең алган.

Канат Ыскаков, Көкшетау шаарынын башкы санитардык дарыгери:

- Биздин өлкөдө эмдөөнүн көрсөткүчү төмөндөдү. Биз муну моюнга алабыз. Вакцинанын биринчи компонентин шаардагы 66 миң 744 адам алды. Бул 56,7 пайызды түзөт. Биз азыр бул ишти күчөтүү үчүн бардык аракеттерди көрүп жатабыз. Шаарга кошумча көчмө медициналык комплекс алып келдик. Ал азыр Сарыарка кичи районунда турат. Эки жумадан кийин башка жакка алмаштырабыз.

Ал эми Караганды облусунун Темиртау шаары калкынын 63% эмделген. Бул жерде төрт бирдей мобилдик комплекс эл жыш жайгашкан жерлерде иштерин жүргүзүүдө. Алардын ар бири күнүнө 20га жакын адамды кабыл алат.

Гүлим Шагалам, шаар тургуну:

- Эми менин үч балам бар. Жолдошум жумушта. Биз эми сыртка чыгып жатабыз. Адамдар менен баарлашабыз. Ошондуктан мен өзүмдү жана үй -бүлөмдү оорудан сактап калуу жана алдын алуу үчүн ушул кадамга бардым. Балдарым биз аркылуу жуктуруп албашы үчүн алдым. Эртеңки күнү туугандарына жуктуруп алып, өзүн күнөөлөбөшү үчүн вакцина алган туура. Сактык чаралары дайыма сакталууга тийиш.

Самат Зияшев, Темиртау шаарынын акиминин орун басары:

- Бизде үйдө отурган адамдар калышты. Башкача айтканда, алар пенсионерлер, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар. Бул жакта эмдөөдөнөтүп гана тим болбостон, батирге чейин барабыз. Баса албаган кишилерди алгач дарыгер текшерет, андан кийин гана аларды вакцинациялайт.

Ошентип, азыркы учурда, 62 миң тургун эмдөөдөн өткөн. Жыл соңуна чейин Караганды аймагы калкын вакцина менен толук камтуу мерчемделип жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков