Казакстанда тумоого каршы эмдөө өнөктүгү башталды

Казакстанда тумоого каршы эмдөө өнөктүгү башталды

Казакстанда тумоого каршы эмдөө башталды. Ал жетинин айынын 15не чейин созулат. Жарандарды бул жылы да орусиялык «ГРИППОЛ плюс» вакцинасы менен эмдөө мерчемделүүдө. Вакцинанын 2 миллион 500 миң дозасы сатылып алынган. Биринчи кезекте эмдөө медициналык кызматкерлерге, балдарга жана карыларга, диспансердик каттоого алынган тургандарга акысыз жүргүзүлөт. Адистердин айтымында, тумоо жыл сайын тогуздун айынын ортосунда кескин түрдө курчуйт. Ал эми коронавируска чалдыккан казакстандыктарга келсек, дарыгерлер тумоого каршы вакцинаны колдонууну үч айга токтотууну сунушташты.

Ержан Байтанаев, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө комитетинин расмий өкүлү:

- Эгерде сиз бүгүн коронавируска каршы вакцина алсаңыз, 14 күндөн кийин гана тумоого каршы вакцина ала аласыз. Тумоого каршы вакцинаны алгандан эки жума өткөндөн кийин, ковидке каршы вакцинаны эч кандай тоскоолдуксуз алууга болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков