Казакстанда коронавирус жуктуруу көрсөткүчү 35 пайызга төмөндөдү

Казакстанда коронавирус жуктуруу көрсөткүчү 35 пайызга төмөндөдү

Акыркы эки аптанын ичинде өлкөдө коронавирус инфекциясына чалдыгуу көрсөткүчү 35 пайызга төмөндөгөнү байкалат. Жалпысынан буга чейин 7 күндө 31 миңден ашуун адам кооптуу илдетти жуктурган болсо, азыр бул сан 25 миңге чейин азайган. Мындай жагымдуу маалыматтар менен саламаттыкты сактоо министри Алексей Цой өкмөттүн жыйынында бөлүштү. Анын айтымында, бүгүнкү күндө Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, өлкөдөгү пандемия катуу көзөмөлдө. Акыркы эки жуманын ичинде коронавирустун таралуу көрсөткүчү өлкөнүн 5 аймагы «кызыл» аймактан «сары» зонага өттү. Атап айтканда, алар: Чыгыш Казакстан, Кызылорда, Батыш Казакстан, Жамбыл жана Түндүк Казакстан облустары. Бул жалпы өлкөдө эпидемия жакшырып баратканын билдирет.

Аскар Мамин, РКнын Премьер-Министри:

- Азыр биздин башкы милдетибиз - кызыл зонада вирусту жуктуруунун деңгээлин туруктуу төмөндөтүүгө жетишүү. Ал үчүн эпидемиологиялык абалды дайыма көзөмөлдөп туруу керек. Өзгөчө Алматы, Нур-Султан, шымкент шаарларында, Караганды, Павлодар жана Акмола облустарында ишти күчөтүү керек. Жаңы окуу жылынын башталышын эске алып, билим берүү мекемелеринде санитардык нормаларды сактоого өзгөчө көңүл буруңуздар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков