Казакстанда коронавируска каршы вакцина өндүрүүгө арналган экинчи өндүрүштүк аянтча даярдалды

Казакстанда коронавируска каршы вакцина өндүрүүгө арналган экинчи өндүрүштүк аянтча даярдалды

Казакстан коронавируска каршы ата мекендик вакцина өндүрүүгө арналган экинчи өндүрүштүк аянтча даярдады. Премьер-министрдин орун басары Ералы Тогжанов Алматы облусундагы «Антиген» илимий-өндүрүштүк ишканасынын иши менен таанышты. Мекемелер аралык комиссиянын маалыматы боюнча, ушул жылдын аяк оона айында бул жерде кубаттуулугу айына 1 миллион доза болгон «QazVac» 300 миң валидациялык сериясы чыгарылды. «Эл аралык сапат стандарттары ишканага өндүрүштүн бардык чөйрөсүндө жогорку техникалык деңгээлге, сапат жана ишенимдүүлүккө жетүүгө мүмкүндүк берет», - деп айтылат Премьер-министрдин сайтындагы маалыматта. Жаңы өндүрүш Мамлекет башчысынын Казакстандын элине Кайрылуусунда көрсөтүлгөн өлкөнүн биологиялык коопсуздугун камсыздоо боюнча тапшырмасынын алкагында ишке ашырылды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков