Жегенге жарамдуу вакцина

Жегенге жарамдуу вакцина

Өзбек илимпоздору жей турган вакцина ойлоп табышты. Башкача айтканда, адам помидор жеп, коронавируска каршы эмделе алат. Ошондой эле, өзбекстандык окумуштуулары пахта, тамекинин клеткаларына COVID-19дун генин киргизишкен. Адистердин айтымында, өсүмдүктөр ушинтип трансформацияланып өсөт.

Забардаст Буриев, Илим академиясы геномика жана биоинформатика борборунун мудүрү:

- Биз коронавирустун S протеинин клондодук. Андан кийин помидорго коштук. Эмне үчүн бул өнүм тандалды деген суроо туулушу мүмкүн. Анткени аны жылуулук менен иштетпей эле жесе болот. Эгерде помидорду сууга кайнатып же жогорку температурада кармасак, анда вакцинанын касиети жоголуп кетет. Бул өнүм ашказан аркылуу ичегиге өткөндөн кийин организмге эркин сиңет. Андан кийин антителолор пайда боло баштайт.

Жегенге жарамдуу вакцинанын эффективдүү жогору болгону менен, адамдарга аны колдонууга эрте. Анткени учурда клиникага чейинки сыноолор өткөрүлүп жатат. Бардык текшерүүнү толук кандуу жүргүзүү үчүн болжол менен 2-3 жыл убакыт талап кылынат.

Забардаст Буриев, Илим академиясы геномика жана биоинформатика борборунун мүдүрү:

- Бул вакцина кадимки помидорго окшоп өсөт. Атайын кароонун кажети жок. Себүү мезгилинен баштап түшүм жыйноо мезгилине чейин 3 ай убакыт талап кылынат. Келечекте жегенге жарамдуу вакцинаны ар бир адам алып өстүра алабы деп көптөрү сурашат. Жооп жок. Биз мындай мүмкүнчүлүк бербейбиз. Ал биздин көзөмөлүбүздөгү атайын плантацияларга гана отургузулат. Анткени керектүү дозаны коюшубуз керек. Башкача айтканда, адам базардан ээн-эркин сатып алып, жей албайт. Биз аны дарыканаларда гана сатууну мерчемдеп жатабыз. Учурда клиникалык сыноолор баштала элек болгондуктан так айта албайм.

Учурда өзбекстандык илимпоздор менен бирге Канада менен Орусия мамлекеттеринин серепчилери коронавирус инфекцияны дабаа боло турган жегенге жарамдуу вакцина жасап жатышат. Азырынча эч бир өлкөнүн ойлоп табуусу колдонууга кире элек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков