ДССУ өкүлдөрү QazVac өндүрүшүн баалоо үчүн Казакстанга келет

ДССУ өкүлдөрү QazVac өндүрүшүн баалоо үчүн Казакстанга келет

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлдөрү QazVac вакцинасынын өндүрүшү менен таанышуу үчүн Казакстанга келет. Иш сапардын жүрүшүндө алар вакцинанын курамын текшерип, талдоо жүргүзүшөт. Алар келерки аптада келиши мерчемделүүдө. Бул тууралуу Премьер-министрдин орун басары жана өлкөнүн Тышкы иштер министри Женевада аталган уюмдун башкы мүдүрү менен болгон жолугушуусунда айтылды. Мухтар Тлеуберди Тедрос Гебрейесуска өкмөттүн коронавируска каршы көрүлүп жаткан чаралар жана президент Касым-Жомарт Токаевдин өлкөдө жана региондо инфекциянын андан ары жайылышын алдын алуу боюнча жаңы демилгелери тууралуу маалымат берди. Жолугушууда тараптар Казакстан менен Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун ортосундагы кызматташтыктын жогорку деңгээлин белгилешти. Өлкөнүн саламаттыкты сактоо кызматтарын массалык камтуу идеясын кармануу, айрыкча алгачкы медициналык жардам көрсөтүү жаатында абдан жогору.

Мухтар Тлеуберди, РКнын Премьер-Министринин орун басары, тышкы иштер министри:

- Коронавируска каршы улуттук QazVac вакцинабыздын өндүрүшүнө Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму чоң кызыгуучулук билдирип жатат. Учурда вакциналарды каттоо боюнча уюм менен иштешип жатабыз. Албетте, вакциналарды өндүрүүдө стандарттарды сактоодо көйгөйлөр бар. Бул үчүн бир канча убакыт кете турганын да түшүнөбүз. Бирок, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун катчылыгы жана бул уюмдагы өнөктөштөрүбүз тарабынан көрсөтүлгөн техникалык колдоо анын катталышын жеңилдетет. Бул Казакстанга вакцинаны өлкө ичинде колдонууга гана эмес, коронавирус менен күрөштө эл аралык коомчулукка көмөктөшүүгө да мүмкүндүк берет.

Тедрос Адханом Гебрейеус, ДССУнун башкы мүдүрү:

- ДССУ айрым өлкөлөрдү өздөрүнүн вакциналарын иштеп чыгууга жана өндүрүүгө үндөйт. Мен Казакстандын өз вакцинасын жасап жатканына абдан кубанычтамын. Жолугушууда талкууланган маселелердин бири - казакстандык вакцинанын жергиликтүү өндүрүшүнө байланыштуу болду. Кийинки аптада биз бул өндүрүштү текшерүү жана анализдөө үчүн серепчилер тобун Казакстанга жөнөтөбүз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков