Казакстандык вакцинага швейцариялыктар кызыктар болууда

Казакстандык вакцинага швейцариялыктар кызыктар болууда

Казакстандык QazVac Швейцарияда катталышы мүмкүн. Мындай пикирин биологиялык коопсуздук маселелери боюнча илимий-изилдөө институтунун башкы мүдүрү Кунсулу Закарья билдирди. Анын айтымында, чет элдиктер атамекендик вакцинага кызыгып, өлкөнүн Тышкы иштер, соода жана интеграция министрлигине сунуштарын беришкен. Швейцариялыктар ө ара өнөктөштүктү түзүүгө жана QazVacты Африкада жана Латын Америкасында чыгарууга кызыгуучулук билдирип жатат. Казакстандык вакцинанын эффективдүүлүгүн швейцариялык фармацевтикалык компаниянын өкүлдөрү белгилешти.

Андре Пардо, Фарм-компаниянын европа боюнча вице-президенти:

Сиздердин президент жарыялаган жаңы экономикалык чаралар экономиканын туруктуулугу менен атаандаштыкка жана калыптуу өсүшкө алып келет деп ишенем. Ал эми бул саламаттыкты сактоо тармагына көбүрөөк инвестиция салууга мүмкүндүк берет. Казакстан элинин ден соолугун жана жыргалчылыгын жакшыртуу үчүн биргелешип заманбап, жеткиликтүү жана жогорку сапаттуу дарыларды өндүрө алабыз. Өзүңүздөр вакцинаны ойлоп таап, чыгарып жаткандарыңыз жана аны жарандар алып жатканы абдан маанилүү.

Айта кетсек, учурда казакстандык вакцинаны дельта-штаммына каршы ылайыкташтыруу боюнча изилдөө иштери жүрүп жатат. Иштеп чыккандан кийин Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунда каттоодон өтүшү керек. Жакында эл аралык уюмдардын өкүлдөрү бул багыттагы иш-чараларды жана Жамбыл облусундагы вакцина чыгаруучу заводдун иши менен таанышат. Ошондо гана расмий каттоонун так планы иштелип чыгат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков