QazVac вакцинасынын клиникалык изилдөөлөрү аяктады

QazVac вакцинасынын клиникалык изилдөөлөрү аяктады

Казакстандык QazVac вакцинасынын штаммын модернизациялоо мерчемделип жатат. Анда коронавирустун «Ухань» штаммы «дельта» түрүнө өзгөрөт деп күтүлүүдө. Бул тууралуу Борбордук байланыш кызматында өткөн брифингде Биологиялык коопсуздук боюнча илим изилдөө институтунун башкы мүдүрү Күнсулу Закария билдирди. Анын айтымында, QazVac вакцинасынын клиникалык сыноолорунун үчүнчү фазасы жайында аяктаган. Бирок изилдөөнүн жыйынтыгы бери дегенде алты айдан кийин гана белгилүү болот. Баяндамачы алгачкы ата мекендик вируска каршы препаратты изилдөө ийгиликтүү болгонун белгиледи. Ага үч миң киши катышты. Эми казакстандык окумуштуулардын изилдөө жыйынтыктары баяндалган макала, рейтинги жогорку илимий журналда басууга даярдалууда.

Күнсулу Закария, биологиялык коопсуздук маселелери илимий-изилдөө институтунун башкы мүдүрү:

- Изилдөөнүн чечимин, экспертизанын жыйынтыгын журналдын редакторлоруна жөнөтөбүз. Биринчи учурда, биздин макала алты ай бою каралды, бирок азыр жаңы маалымат жылдын аягында же келерки жылдын башында жарыяланат деп ойлойбуз. Бардык клиникалык сыноолор аяктады, теке айынын 9да биз акыркы анализдерди чогулттук, андан кийин маалыматтардын көпчүлүк бөлүгү статистикалык жактан талданды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков