Коронавирусту жок кылуучу аппарат

Коронавирусту жок кылуучу аппарат

Өзбекстандык ойлоп табуучу коронавирус инфекциясын жок кыла турган аппарат ойлоп тапты. Олимжан Юсуповдун айтымында, жабдуу COVID-19дун бардык түрүн бир нече секунддун ичинде жок кыла алат. Бул аппаратты жасап чыгаруу үчүн ал бир жарым жыл талыкпай эмгектенген.

Олимжон Юсупов, ойлоп табуучу:

- Бул биогенетикалык аппарат. Өзбекстандын аймагында кеңири таралган. Биз бул жабдууну акыркы бир жарым жылдын ичинде иштеп чыгып, бир нече лабораторияларда сыноодон өткөрдүк. Биз коронавирустун бардык түрүн абада жана суюк абалда 100 пайыз жок кыла ала тургандай жетишкендикке жеттик. Жабдуу атайын электрондорду чыгарат. Андан кийин алар вирусту курчап, РНКны жеп коет.

Аппарат коронавирусту жуктурган жана ооруканада дарыланып жаткан бейтаптардын палаталарына коюлган. Жыйынтыгы кубантарлык дешет дарыгерлер.

Мадина Шахмурова, вирусолог-дарыгер:

- Биз бул аппаратты COVID-19 жуктурган бейтаптардын палатасына орноттук. Алар үч күндүн ичинде ар кандай препараттардын гана эмес, дал ушул аппараттын аркасында илдеттен куландан соо болуп толук айыгып чыгышты. Буга кошумча, био генетикалык жабдуулар менен жабдылган лабораторияларда кызматкерлердин вирус жуктуруу көрсөткүчү бир кыйла азайган.

Деген менен аппарат азырынча эл аралык деңгээлде сыналып, далилдене элек. Ошондуктан ойлоп табуучунун кийинки максаты - эл аралык патент алуу.

Которгон: Илгиз Жамалбеков