А. Цой: жандандыруу бөлүмүндө жаткандардын 95% вакцина албагандар

А. Цой: жандандыруу бөлүмүндө жаткандардын 95% вакцина албагандар

Казакстанда коронавирусту жуктуруп алгандар жана илдетти оор өткөрүп жаткандардын басымдуу бөлүгү вакцина албагандар. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алексей Цой өкмөттүн жыйынында билдирди. Министр бул жагдайга байланыштуу калкты дагы да вакцина алууга чакырды.

Алексей Цой, РКнын Саламаттыкты сактоо министри:

- Бирдин айынын 1нен бери коронавирус жуктургандардын жалпы санында эмделбеген бейтаптардын үлүшү 97.5%ды түздү. Ал эми вакцина алгандардын үлүшү болгону 2,5. Коронавирус инфекциясын оор өткөрүп жаткандар боюнча абал ушуга окшош. Реанимацияда жаткандардын жана өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылгандардын 95 пайызы вакцина албаган адамдар. Бул айтылган маалыматтар вакцинациялоонун натыйжалуулугун дагы бир жолу көрсөтүп турат.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө өлкөдө вакцинанын биринчи компонентин алган адамдардын саны 6,5 миллионго жакын, ал эми экинчи компоненти 5 миллиондон ашык адам алды. Мекеме башчысынын айтымында, Казакстандын бардык эмдөө пункттарында биринчи компоненттин 1,4 миллион дозасы, экинчи компоненттин 940 миң дозасы бар. Жеткирүү график боюнча уланууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков