Казакстандык студенттер Альцгеймер оорусун аныктай турган тест иштеп чыгышты

Казакстандык студенттер Альцгеймер оорусун аныктай турган тест иштеп чыгышты

Казак студенттери Альцгеймер оорусун алгачкы этапта аныктоо үчүн тест иштеп чыгышты. Насаатчы жана психотерапевттин колдоосу менен алар ондогон суроолорго жооп берүү үчүн мүмкүн болгон симптомдор, тобокелдик факторлору, себептери, ал тургай бул татаал оорунун алдын алуу чаралары тууралуу толук маалымат ала турган аянтча түзүштү.

Аманжол Шунгеев, «myMIND» платформасынын иштеп чыгуучусу

- Бул тесттин негизги өзгөчөлүгү постсоветтик мейкиндикте окшош аналогу жок экендигинде. Балким, сиз окшош аталыштагы нерсени таба алышыңыз мүмкүн, бирок профессионалдуулуктун деңгээли жана медициналык көз караш жагынан так эмес. Ошондуктан, бул тест уникалдуу болуп саналат. Биз аны толук аяктоону улантабыз. Азыр биз бейтап үчүн да, дарыгерлер үчүн да так сүрөттөлгөн жана түшүнүктүү болушу үчүн визуалдык өкүлчүлүктү жакшыртуунун үстүндө иштеп жатабыз.

Мурда бейтаптар ооруканаларда жүргүзүлгөн изилдөөдөн, A4 форматындагы суроолорго жооп берип, ошондой эле, кабыл алууга көп акча төлөп келишкен болсо, эми үйдөн чыкпай туруп эле онлайн режиминде өткөрүүгө болот. Анын үстүнө иштеп чыгуучулар бул көп убакытты талап кылбастыгын, тест жарым сааттан ашпай турганын айтышат.

Юсуп Тумгоев, «myMIND» платформасынын иштеп чыгуучусу

- Эч жакка баруунун кажети жок. Мисалы, көп учурда адамдар колун булгалап гана коюшат, ага көңүл бурушпайт, адамга баргысы келбейт, бул менталитетке байланыштуу болот жана тесттин өзү муну интернетте жасоого жардам берет, мунун баары купуя сакталат.

Бул маселе эртеби-кечпи, айрыкча, өлкөдө болуп көрбөгөндөй актуалдуу болоруна ишенишет. Алардын айтымында, казакстандыктар Альцгеймер оорусунун белгилерин жаш-куракка байланыштырууга көнүп калышкан, ал эми туугандары дарылоого мүмкүн учурунда, алгачкы этабында коңгуроо

кагышы керек. Ошол эле учурда, республикада бүгүнкү күндө аталган диагноз 100 миңден ашык адамда тастыкталган. Дарыгерлер бул көрсөткүч эгер аныктоо ылдамдыгы көбөйтүлсө, андан бир нече эсе көп болушу мүмкүн деп эсептешет.

Юсуп Тумгоев, «myMIND» платформасынын иштеп чыгуучусу:

- Бул көйгөйдү эрте аныктоо өтө маанилүү. Жакында эле жайдын кулжа айында Альцгеймер оорусун дарылоо үчүн препарат бекитилген. Бирок, чындыгында ал деменциянын алгачкы стадиясы бар адамдарда гана иштейт. Өтүшүп кеткен адамдар үчүн бул препарат иштебейт. Ошондуктан бул ооруну мүмкүн болушунча эртерээк аныктоо өтө маанилүү.

Иштеп чыгуучулардын айтымында, казакстандык дарыгерлер платформага кызыгуу артууда жана келечекте кызматташууга даяр. Учурда команда аталган тесттен бекер өтүүчү 30 кишиден турган фокус-топту чогултуп жатат. Эгерде Альцгеймердин белгилери аныкталса, аларга дарыгердин кеңеши сунушталат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков