COVID-19 стационарлар: жашоо үчүн күрөш

стационар
egemen.kz

Бейтаптарга толгон стационарлар, коронавирус бейтаптарына көмөк көрсөтүү үчүн кайрадан жабдылган ооруканалар. Тилекке каршы, бул Казакстанда коронавирус пандемиясынын жаңы толкунунун учурдагы абалы. Улуттук илимий травматология жана ортопедия борборунун жанынан корнавируска каршы стационар ачылды. Учурда бул жердеги жандандыруу бөлүмүндө жасалма дем алдыруучу аппаратка 12 бейтап кошулган. Бейтаптардын эң кичүүсү 30 жашта, эң улуусу 84 жашта. Расмийлердин айтымында, жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулган ар бир онунчу адам дарыгерлердин аракетине карабай көз жумат. Бирок бүгүнкү күндө бул стационарда миңден ашуун бейтап дарыланып, сакайып чыккан. Деген менен түшкөн оорчулук азайчудай эмес.

Павел Останин, жандандыруу бөлүмүнүн жетекчиси:

- Кээ бирлери бөлүнүп үйдө калышат. Ал өзүм сакайып кетем деп ойлойт. Акырында мунун аягы трагедия менен аяктайт. Каныктыруу деңгээли 40 пайыз болуп, эсин жоготкон абалда келет. Албетте, биз ар бир бейтаптын өмүрү үчүн күрөшөбүз. Мынакей, бул жакта жаңыдан келген бейтаптар жайгашкан. Ал эми жандандыруу бөлүмүндө бейтап жок дегенде эки жума жатат. Жалпысынан алганда, андагы орточо мөөнөт 21 күн. Адам толук айыгышы үчүн 50 күн керек. Быйылкы жайкы пандемиянын башкы көйгөйү – адамдардын коомдук тартипти сактабагандыктан, бейтаптардын саны кескин көбөйгөн.

Дарыгерлердин айтымында, илдеттин белгилери өзгөргөн. Мурда көпчүлүк бейтаптар өпкөнүн кагынышы менен кайрылса, азыр үчтөн бири ашказан-ичеги, нерв системасы жана муун оорулары менен жабыркоодо. Бул дагы оорунун оор өтүүсүнө өбөлгө түзөт. Бейтаптарды калыбына келтирүүгө көптөгөн адистерди тартууга туура келет. Ошондуктан дарыгерлер казакстандыктарды коопсуздук чараларын сактоого жана эмдөөдөн өтүүгө чакырат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков

×