Кызылорда облусу эмдөө көрсөткүчү боюнча лидер

Кызылорда облусу эмдөө көрсөткүчү боюнча лидер

Кызылордолуктар коронавируска каршы эмдөөнүн көрсөткүчү боюнча лидер болуп саналат. Аталган аймак кооптуу илдетке каршы эмделген калктын үлүшү боюнча региондордун тизмесинде биринчи орунду ээледи. Бүгүнкү күнгө чейин тургундардын жарымынан көбү препараттын биринчи компонентин алууга жетишкен. Республикада бул көрсөткүч 56%га жакындап калды. Эске салсак, жамааттык иммунитетти түзүү үчүн республиканын жарандарынын 60 пайыздан ашыгы белгиленген вакциналарды алышы керек. Ошол эле учурда бул маселе боюнча казакстандыктардын пикири эки ача. Кээ бирөөлөр өздөрүн жана айланасындагыларды коргоо үчүн шашылыш түрдө эмдөөдөн өтүү керек деп эсептешсе, айрымдары бул алдын алуу чарасынын эффективдүүлүгүнө ишене беришпейт.

Блиц:

- Мен баарына вакцина алууну сунуштайм. Жакындары ооруп калбаш үчүн мунун пайдасы бар. Биз баарыбыз вакцина алдык.

- Баары эле вакцина алышпадыбы, айырмасы жок, баары бир адамдар ооруп калышат.

- Мен бардыгы эмдөөдөн өтүшү керек деп эсептейм, анткени вакцинасыз бул оору менен күрөшүү мүмкүн эместей.

Ошол эле учурда, илимпоздор толук эмдөө коронавирустук инфекциянын коркунучун 3 эсе азайтарын далилдешкен. Инфекция денеге кирсе дагы оору өтө жеңил түрдө өтүшү мүмкүн, – деп ишендиришет эпидемиологдор.

Которгон: Илгиз Жамалбеков