Коронавирус: Нур-Султандагы эпидемиялык кырдаал жана Ashyq программасы

Коронавирус: Нур-Султандагы эпидемиялык кырдаал жана Ashyq программасы

Өлкөнүн борбор шаарында эпидемиялык абал жагымсыз бойдон калууда. Санитардык нормаларды сактабоо, өзүнчө обочолонуу жана карантин режимин бузуу коронавируска чалдыккандардын санынын өсүшүнө алып келет. Бул тууралуу Нур-Султан шаарынын башкы санитардык дарыгери Сархат Бейсенова брифингде билдирди. Ал шаардыктар көбүнчө илдет жугузуп алган жерлерди тизмектеди.

Сархат Бейсенова, Нур-Султан шаарынын Башкы санитардык дарыгери:

- Ошентип, базарларда инфекция 7%дан 15%га чейин, соода түйүндөрүндө - 19%дан 24%га чейин, кеңселерде – 13%дан 28%га чейин, парктарда жана эс алуу жайларында - 15%дан 18%га чейин, ошондой эле 0,8%дан 7%га чейинки бейтаптар массалык иш-чараларга - үйлөнүү үлпөтүнө, майрамдарга баруудан баш тарткан эмес. Бейтаптардын 8% дайыма коомдук транспортту колдонушат.

Нур-Султан шаарынын башкы санитардык дарыгеринин айтымында, карантин талаптарын аткаруудан баш тарткан ишкерлердин абалы оорлошууда. Баяндамачы белгилегендей, кээ бир бизнес объекттер жабык эшик артында иштөөнү улантууда. Акыркы 2,5 айдын ичинде борбордо негизинен коомдук тамактануучу жайларда 250дөн ашык мындай мыйзам бузуулар катталган. Шаардын башкы эпидемиологу Ashyq тиркемесинин жардамы менен аныкталган мыйзам бузуулар жөнүндө да айта кетти.

Сархат Бейсенова, Нур-Султан шаарынын Башкы санитардык дарыгери:

- Ашык долбоору ишке ашырылгандан бери, үй карантинин бузган 8518 учур аныкталды. Анын ичинде «кызыл» макамы бар 5065 адам – булар коронавирус менен ооруган, жана 3453 адам, бул «сары» макам - жакын байланышта болгондор. Алардын ичинен 4847 адам үй карантинин бузгандыгы аныкталган. Ал эми «кызыл» макамга ээ - 3347 адам жакын байланышта болгон. «Сары» макамга ээ болгон - 1500 келүүчү катталган.

Айта кетчү жагдай, серепчилер «кызыл» макамы менен үйдө обочолонбогондорго айып пул салынарын эскертишет. Өзүнчө обочолонуу режимин бузгандар жеке капчыгынан 30 АЕК суммада айып пул төлөшү керек, бул 87 жарым миң тенгеден ашат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков