Чыгыш Казакстанда иммундук плазма кору жасалууда

Чыгыш Казакстанда иммундук плазма кору жасалууда

Коронавируска каршы дарылоо куралы катары Чыгыш Казакстан облусунда иммундук плазманын 3 миңдей бөлүгү иштелип чыгат. Аймактык кан борбору инфекциядан айыгып чыккандарды же толук вакцина алгандарды донор болууга чакырат. Бүгүнкү күндө аймакта иммундук плазманын көлөмүн көбөйтүү тууралуу чечими кабыл алынды. Донор Наргиз Кумарова башкалардын ден соолугуна кайдыгер карай албасын айтат.

Наргиз Кумарова, шаар тургуну:

- Мен канчалык оор экенин билем, адамдарга кичине болсо да жардам берейин деп, плазма тапшырайын деп келдим. Улгайган адамдардын кайтыш болуп жатканын жаңылыктардан угуп, жаман ооруга жардам берейин дедим.

2020-жылы инфекциянын жайылуу туу чокусунда, облуста иммундук плазманын 3 миңге жакын дозасы колдонулган. Ал эми акыркы эки жумада 300дөй көлөмү даярдалды. Бирок мындай көлөмдөн он эсе көп плазма керек.

Светлана Шмыругина, облустук кан борборунун мүдүрү:

- Талап бар, анткени анын натыйжалуу экенине дарыгерлердин көзү жетти. Жайдын алгачкы айларында биз ооруканаларга күнүнө эки дозадан жөнөтүп жатсак, айдын башынан бери күнүнө болжол менен 7 доза жиберип жатабыз. Башкача айтканда, күн сайын жалпысынан 1,5 литр иммундук плазма колдонулууда.

Облусттук кан борбору плазманын 2500 көлөмүн иштеп чыгууну мерчемдеген. Вируска каршы анти-денечелерге бай кандын курамын тапшыруу боюнча талаптар ар бир адамга медициналык мекеменин кызматкерлери тарабынан түшүндүрүлүп берилет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков