Казаксандын беш шаарында жаңы карантиндик чаралар күчүнө кирди

Казаксандын беш шаарында жаңы карантиндик чаралар күчүнө кирди

Казакстандын беш шаарында жаңы карантиндик чаралар күчүнө кирди. Бул Нур-Султан, Алматы, Шымкент, Атырау жана Караганды шаарларына тиешелүү.

Эми бул аймактарда «Ashyq» долбооруна катышпаган ишканалардын ишмердүүлүгү токтотулат. Борбордук жана укук коргоо органдарынан башка, акимчиликтер, ден соолук уюмдары, массалык маалымат каражаттары, азык-түлүк дүкөндөрү, дарыканалар жана турмуш-тиричилик камсыздоо уюмдары. Ошондой эле, ар кандай коомдук иш-чараларды, анын ичинде үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрүүгө толук тыюу салынат. Мындан тышкары, мамлекеттик органдардын, улуттук компаниялардын жана башка уюмдардын кызматкерлеринин 80% аралыктан иштөө режимине өтөт. Эмдөөдөн өткөндөр жана акыркы үч айда коронавирус жуктуруп алгандар кадимкидей иштей беришет. Буга катар, аталган шаарлардын акимчиликтери алар менен чектеш аймактарда карантинди күчөтүү боюнча чараларды көрүүнү колго алат.

Белгилей кетсек, аталган региондор өлкөдөгү бейтаптардын 65% жана күнүмдүк курмандыктардын 55% түзөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков