Өткөн суткада 7 778 адамдан коронавирус аныкталды

Өткөн суткада 7 778 адамдан коронавирус аныкталды

Алматыда коронавирус оорусун жугузгандардын санынын кескин өсүшү катталды. Мегаполис оору жугуу учурларынын өсүшү боюнча суткалык антирейтингде биринчи орунга чыкты.

Мында 24 саатта 1 680 киши ковид оорусун жугузган. Ал эми борбор шаарда 1 555 киши кооптуу ооруга чалдыккан. Акыркы суткада Караганды облусунда 931 оору жугуу учуру катталды.

Жалпы Казакстан боюнча 7 778 киши ковид жугузганы аныкталды. Пандемиянын башталышынан өлкөдө оору жугузгандардын саны беш жүз алтымыш беш миң кишиге жакындады. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, учурда 93 жарым миң казакстандык коронавирустан дарыланып жатат. Алардан 26 миң киши стационарларда дарыланууда. Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө карата 3 миллион 632 миң 67 адам толук эмдөөдөн өттү.

Которгон: Субанбек Исмакеев